Шайлдабекова президенттик шайлоону өткөрүү штабына теңтөрайым болду

Жазылуу
Өкмөт Борбордук шайлоо комиссиясына президенттик шайлоону өткөрүүгө жардам кылмай болду. Кечээ биринчи жыйын өттү.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Шайлоого даярдык көрүү штабынын теңтөрайымдыгына БШКнын жетекчиси Нуржан Шайлдабекова бекитилди. Бул туурасында вице-премьер жана аталган штабды жетектеген Максат Мамытканов билдирди.

Ал мындай кадам шайлоонун ачыктыгы үчүн жасалгандыгын белгиледи.

"Штабга зарыл болгон министрлик менен ведомстволор кирет. Кечээ биринчи жыйын өтүп, биринчи планды түздүк. Биз БШКга жардам бермекчибиз", — деди Мамытканов.

Ал алдыдагы шайлоолордо мыйзам бузууга жол бербөөгө аракеттер жасаларын айтты.

Президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0