Жаңы Конституцияны деги ким жазды? Өзгөртүүнү демилгелеген депутаттардын жообу

Жазылуу
Жаңы Конституция долбоорунун демилгечиси катары 80 депутат көрсөтүлгөнү менен аны жазуу процессине баары эле катыша бербегени маалым болду. Кээ бири документти такыр эле көрбөгөнүн айтууда. Ошол эле учурда жаңы редакциянын автору ким экенин эч ким билбей жатат.

Sputnik Кыргызстан агенттиги баш мыйзамды өзгөртүү долбоорун иштеп чыкты делген депутаттардын пикирин сурады.

Айнура Осмонова:

Бул жөн гана долбоор, ал коомдук талкуудан, парламенттен өтүшү керек. Бирок мен демилгечи эмесмин, коомдук талкууга чыгарууга гана кол коюп бергем. Ошону азыр териштирип жатабыз.

Ал эми "долбоордун өзүн окудуңуз беле?" деп сураганда депутат телефонун өчүрүп койду.

Бактыбек Райымкулов:

Жаңы редакцияда депутаттардын санын 90го чейин кыскартуу каралгандыгы үчүн макул болдум. Өзүм жазуу ишине катышкан эмесмин, жөн гана демилгени колдоп бердим.

Эмил Токтошев:

Жогорку Кеңештин имаратындагы Кыргызстаныдн желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңеш кайсы укуктарынан кол жууйт? Конституциянын долбоору боюнча тизме
16-ноябрда депутаттар Конституцияны өзгөртүүгө демилгечи топ түзүп жатабыз деп мени ЖКга чакырды. Ушул жерден талкуулап, кеңешебиз деген. Кечээ топтун мүчөлөрүнөн долбоорду сурасам, дароо эле даярын алдыма коюшту. Мен "буга макул эмесмин" деп чыгып кеттим. Бүгүн спикерге кат жолдоп, менин атымды алып салышын өтүндүм. Эч кандай талкуу болгон жок. Эгер демилгечи топтун бир жыйыны болсо негизги авторлор ким экенин билмекмин. Мен парламентаризмди колдойм, биринчи күнү демилгечи топко мүчө болуп кирүүгө гана кол койгом.

Эрмамат Тагаев:

Депутат суроону уккандан кийин "азыр жолдомун, машина айдап бара жатам" деп трубканы коюп салды. Бир сааттан кийин кайра чалганда албай койду.

Максат Сабиров:

Бизге төрага Талант Мамытов жаңы Конституция даярдалганын айтып, демилгечи катары кол коюп берүүнү сунуштады. Мен окуп чыгып колдодум. Албетте, оңдой турган жерлери бар, аны талкуу учурунда эске алабыз. Өзүм дагы бир нече сунуштарды берем.

Гүлкан Молдобекова:

Депутат "азыр оорукананын кабылдамасында турам. Кийинчерээк байланышалы" деп жооп берүүдөн баш тартты. Деген менен эки сааттан соң кайра чалганда алган жок.

Искендер Гайпкулов:

Мен колдоп бердим. Кандай шартта болгонун айтууга убактым жок, Жогорку Кеңешке келгиле, түшүндүрүп берем.

Сагындык Келдибаев:

Алгач трубкасын көтөрбөй, бир саамдан кийин кайра өзү чалды. Бирок суроону угаары менен "мен бир аз бошогондон кийин жооп берейинчи, азыр көпчүлүктүн арасындамын" деп өчүрүп койду.

Пархат Тулендыбаев:

Азыр коомдук талкууга коюлду, эл эмне десе ошондой болот. Талкуу учурунда эң биринчи элдин талабын эске алып, кайра иштеп чыгабыз.

Айгерим Бешимбаева:

Бул боюнча комментарий бергим келбей турат. Жаңы Конституция долбооруна мен демилгечи болгон эмесмин. Азыркы жазылган өзгөртүүлөргө каршымын, кол койгон да эмесмин.

Улугбек Ормонов:

Ооба, мен колдоп жатам. Бизде качан парламенттик башкаруу болду эле? Биринчи ушуга жооп береличи. Жазуусу бир, аткарылышы башка болуп келди да. Чындыкты ачык айтып иштейли, өкмөттүн жоопкерчилигин дагы толугу менен мойнума алам деп жатпайбы президент. Андыктан биз өзүбүздү өзүбүз алдабай, бир башкарууга өтүшүбүз керек.

Иса Өмүркулов:

Мен референдум өткөрүүгө гана кол койдум. Автор катары катышкан эмесмин. Конституция долбоорун көргөн да, окуган да жокмун.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин сүрөтү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бакиевдин дооруна кайтып баратабыз! Жаңы Конституцияны сынга алган соцтармак
Ал эми Тынчтык Конушбаев, Нурбек Алимбеков, Улан Примов, Бактыбек Райымкулов жана Мирлан Бакиров телефонун алган жок.

Бир нече депутаттардын телефону өчүк болду. Мисалы, Байгазы Кенжебаевдин телефону башында өчүк болгондуктан WhatsApp аркылуу жазып көрдүк. Билдирүүнү окуп, бирок жооп берген жок. Андан соң кабарчы кайра чалганда, бирөө алып депутат өзү жок экенин айтты.

Натыйжада жаңы Конституцияны ким жазганын бир дагы депутат айта алган жок.

Демилге жүзөгө ашпай калышы мүмкүн

Баш мыйзамдын 114-беренесинин 3-абзацына ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен (80 депутат) кем болбогон эл өкүлдөрүнүн демилгеси менен Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам референдумга чыгарылышы мүмкүн.

Алгач долбоордун демилгечиси катары 80 депутат жазылган, бирок кээ бири буга кол койбогонун айтып жатат. Мындан улам сунушталып жаткан демилге кайра артка чакырылышы ыктымал.

Жаңылыктар түрмөгү
0