Мамытов казак элчисине транзиттик Бишкек — Талас каттамын жандантууну сунуштады

© Фото / пресс-служба президента КРПрезиденттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Кайрат Нурпеисовду кабыл алды
Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Кайрат Нурпеисовду кабыл алды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолугушууда Талант Мамытов чек арадагы өткөрмө пунктуларынан жүк ташуучу унаалардын тоскоолдуксуз өтүүсүнө көмөк көрсөтүү маселесин да козгогон.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Кайрат Нурпеисовду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынан кабарлашты.

© Фото / пресс-служба президента КРИ.о президента КР, торага Жогорку Кенеша Талант Мамытов во время встречи с чрезвычайным и полномочным послом Казахстана в Кайратом Нурпеисовым
Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Кайрат Нурпеисовду кабыл алды - Sputnik Кыргызстан
1/2
Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Кайрат Нурпеисовду кабыл алды
© Фото / пресс-служба президента КРИ.о президента КР, торага Жогорку Кенеша Талант Мамытов принял чрезвычайного и полномочного посла Казахстана в Кайрата Нурпеисова
Тараптар Казакстан аркылуу өтүүчү Бишкек — Талас каттамы боюнча жүргүнчүлөрдү ташууну жандандыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашкан. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Тараптар Казакстан аркылуу өтүүчү Бишкек — Талас каттамы боюнча жүргүнчүлөрдү ташууну жандандыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашкан.
1/2
Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Кайрат Нурпеисовду кабыл алды
2/2
Тараптар Казакстан аркылуу өтүүчү Бишкек — Талас каттамы боюнча жүргүнчүлөрдү ташууну жандандыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашкан.

Тараптар Казакстан аркылуу өтүүчү Бишкек — Талас каттамы боюнча жүргүнчүлөрдү ташууну жандандыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашкан.

Эске салсак, буга чейин аталган каттам Казакстан тарабынан коронавирус пандемиясына байланыштуу токтотулган.

Талант Мамытов чек арадагы өткөрмө пунктуларынан жүк ташуучу унаалардын тоскоолдуксуз өтүүсүнө көмөк көрсөтүү маселесин да козгогон.

"Кыргызстандын жарандары Казакстандын аймагынан транзит менен гана өтөрүн эске алып, казак тарап Кыргызстанга жеңилдик көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап көрсө", — деди Мамытов.

Жүк ташуучу унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Ак-Тилек" өткөрүү жайындагы фуралардын тыгыны. Чек арадан тартылган видео
Мындан тышкары, тараптар саясий жана экономикалык байланыштардын азыркы абалы, парламенттер аралык мамилелерди өнүктүрүү чаралары жөнүндө пикир алышкан.

Элчи Кайрат Нурпеисов Талант Мамытовго кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирип, Казакстан Кыргызстандын саясий жактан турукташуусуна жана экономикалык жактан гүлдөп-өсүшүнө кызыкдар экендигин белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0