Жогорку Кеңеш кайсы укуктарынан кол жууйт? Конституциянын долбоору боюнча тизме

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин имаратындагы Кыргызстаныдн желеги. Архив
Жогорку Кеңештин имаратындагы Кыргызстаныдн желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Конституциянын сунушталып жаткан долбоору президенттин бийлигин күчөтүп, расмий тилде жазылганында эки ирет шайланууга жол берет. Элдик курултай ишке кирип, дагы бир катар өзгөрүүлөр каралган. Анын бир тобу парламенттин ишине таасир этет.

Жогорку Кеңештин иши кандай өзгөрө турганын Sputnik Кыргызстандын материалынан билүүгө болот.

17-ноябрь күнү Баш мыйзамдын жаңы долбоору сунушталды. Ал Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланып, коомдук талкууга коюлду.

Долбоордун автору катары 80 депутат көрсөтүлгөн, бирок анын үчөө документке кол койбогонун айтып чыгышты.

Sputnik Кыргызстан учурдагы Конституцияны жана сунушталып жаткан долбоорду карап, Жогорку Кеңештин укуктарын салыштырып көрдү. Материалда өзгөртүлө турчу гана жоболор келтирилди.

Минус 30 депутат

Учурда парламент 120 депутаттан турат. Алар беш жылга пропорционалдык тартипте шайланып, бир партия 65тен көп мандатка ээ боло албайт. Сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдө эл өкүлдөрүнүн саны 90го чейин кыскартылган. Шайлоо системасы жана мандаттардын саны тууралуу айтылган эмес.

Өкмөттү куроо

Депутат Улугбек Ормонов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Демилгечи депутат Ормонов: бизде качан парламенттик башкаруу болду эле?
Азыр иштеп жаткан Конституция боюнча министрлер кабинетин түзүүдө депутаттардын орду чоң. Мандаттын теңинин көбүнө ээ болгон фракция же фракциялардын коалициясы премьер-министрликке талапкерди көрсөтөт. Ал парламентти программасы, командасынын структурасы жана курамы менен тааныштырат.

Депутаттар өкмөттүн программасын, өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган жалпы мамлекеттик программаны бекитип, структурасы менен курамын аныктап берет (УКМК менен КИМКтен тышкаркысын). Президент үч күндүн аралыгында тиешелүү жарлыктарга кол койбосо деле өкмөт мүчөлөрү дайындалган болуп эсептелинет.

Ал эми сунушталып жаткан редакцияда депутаттар мындай укугунан кол жууйт. Өкмөт башчысын, анын орун басарларын, министрлерди жана мамлекеттик комитет төрагаларын парламенттин макулдугу менен президент дайындайт. Мындан тышкары, алардын отставкасы тууралуу арызын кабыл алат. Өз ыктыярынын негизинде же Элдик курултайдын сунушу менен министр жана комитет төрагаларын кызматтан алууга укуктуу болот.

Өкмөт менен мамиле

Учурда өкмөт парламентке баш иет. Премьер-министр жыл сайын жасаган жумушу тууралуу депутаттардын алдында отчёт берет. Мындан тышкары, депутаттар өкмөткө ишеним көрсөтпөй коё алат.

Ал эми сунушталып жаткан Баш мыйзамда ЖКнын мындай укугу жок.

Референдум дайындоо

Азыркы Баш мыйзам боюнча парламент референдум дайындоо боюнча мыйзамды кабыл алат. Сунушталып жаткан долбоордо ушул эле берене "Жогорку Кеңеш Конституцияда каралган тартипте референдум өткөрүүнү демилгелейт" деп жазылган.

Ыйгарым укуктардан баш тартуу

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин сүрөтү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бакиевдин дооруна кайтып баратабыз! Жаңы Конституцияны сынга алган соцтармак
Бүгүнкү күндө депутат жарандыктан чыкса же башка мамлекеттин жарандыгын алса мандатынан ажыратылат. Сунушталган редакцияда бул берене "жарандыктан кол жууганда" деген пункт менен толукталган.

Республикалык бюджет

Ушу тапта республикалык бюджетти жана анын аткарылышы тууралуу отчётту депутаттар бекитет. Жаңысында эл өкүлдөрү аны жөн гана угуп коюшат.

Кезексиз жыйындар

Азыркы Конституция боюнча Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны президент, өкмөт же депутаттардын үчтөн бир бөлүгүнүн сунушу менен төрага тарабынан чакыртылат.

Долбоордо беренеден өкмөт алып салынган, төрага менен президент да экиге бөлүнүп, ар бири өз алдынча кезексиз жыйын чакырууга укуктуу.

"Башка укуктар"

Баш мыйзамдын учурдагысында парламент "Конституцияда каралган башка укуктарга" да ээ экени жазылган. Ал эми долбоордо бул пункт "Конституция эле эмес, КР мыйзамдарында да каралган башка укуктар" менен толукталган.

Бюджет боюнча мыйзамдар

Ушу тапта мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылган чыгымдардын көбөйүшү каралган мыйзам долбоорлору өкмөт каржылоо булагын тапкандан кийин парламент тарабынан кабыл алынат. Ал эми сунушталганында каржылоо булагын өкмөт эмес президент аныктайт.

Төраганын колу

Трибуна. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баш мыйзамдын долбоору: бир эле президент өлкөнү 11 жыл башкарышы мүмкүн
Азыркы Конституцияда эгер конституциялык мыйзамды же мыйзамды экинчи ирет кароодо буга чейин кабыл алынган редакциясында депутаттардын үчтөн эки бөлүгү колдоп берсе, президент 14 күндүн ичинде ага кол коюуга милдеттүү. Эгер өлкө башчы кол койбосо, он күндөн кем эмес убакытта төрага кол коёт.

Долбоордо акыркы пункт алып салынган, мындан тышкары, мамлекеттик чек араны өзгөртүү боюнча мыйзамдардын нормасы өзгөртүлгөн. Ага ылайык, мындай мыйзам кайра кароодо өткөн редакциясында депутаттардын төрттөн үч бөлүгү тарабынан колдоого алынса жактырылган болуп эсептелинет.

Жогорку Кеңеш боюнча кирчү өзгөрүүлөр

Сунушталып жаткан Баш мыйзамдын долбоору боюнча Жогорку Кеңеш президенттин сөзүн эле эмес, жыл сайын жасалчу кайрылуусун да угат. Төрага парламенттин Элдик курултай менен иштешүүсүн камсыздап, анын алдында отчёт берүүгө милдеттүү болот.

Президент жана өкмөт башчы тарабынан кечиктирилгис деп табылган мыйзам долбоорлорун парламент дароо карашы керек.

Депутаттардын иши боюнча алып салынган беренелер:

  • Парламенттеги көпчүлүк коалициядан чыгуу тууралуу чечим фракция депутаттарынын үчтөн эки бөлүгү менен кабыл алынат. Фракциянын чечими токтом менен тастыкталып, ага коалициядан чыгууга добуш берген ар бир мүчөнүн колу коюлат.
  • Коалициянын парламенттик көпчүлүк макамынан ажыратылышы ЖК төрагасынын укуктарын тастыктоо зарылдыгын шарттайт. Бул жалпы депутаттардын көпчүлүк добушу менен ишке ашат.
  • ЖК депутаты мандатын пленардык жыйында добуш берүү укугун сактоо менен премьер-министр же биринчи вице-премьер болуп дайындала алат.
  • Депутатты чакыртып алууга жол берилбейт.
  • ЖК депутатынын укугу фракциядан чыгуу боюнча жазылган арыздын негизинде токтотулат.
  • Бош калган орунду ээлөө процедурасы конституциялык мыйзамдын негизинде жүрөт.
  • ЖК төрагасынын орун басарлары парламенттик оппозицияга кирген депутаттардан шайланат.
  • Бюджет жана укук тартиби боюнча комитеттердин төрагалары парламенттик оппозициядан болууга тийиш.
  • ЖК чечимдери токтом менен тастыкталат.
  • Мөөнөтүнөн мурда болчу парламенттик шайлоо ал дайындалгандан кийин 45 күндүн ичинде өтүшү керек.
  • Өзгөчө жана аскердик абал учурунда конституциялык мыйзамдарды, мамлекеттик чек араны өзгөртүү боюнча мыйзамдарды кабыл алууга тыюу салынат.
  • Республикалык бюджет, салык боюнча мыйзамдарга премьер-министрдин кайра чакыртып алуу тууралуу кайрылуусунан башка учурларда сөзсүз кол коюлушу керек.
Жаңылыктар түрмөгү
0