Демилгечи депутат Ормонов: бизде качан парламенттик башкаруу болду эле?

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Улугбек Ормонов. Архив
Депутат Улугбек Ормонов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Демилгечи болгон эл өкүлүнүн айтымында, Баш мыйзамдын буга чейин жазуусу бир, аткарылышы башка болуп келген. Чындыкты ачык айтып иштөөгө убакыт жетти.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Жаңы сунушталган Конституцияда президент бүт жоопкерчиликти мойнуна алып жатат. Мындай пикирин Баш мыйзамды өзгөртүүнү демилгелеген депутаттардын бири Улугбек Ормонов Sputnik Кыргызстандын кабарчысына билдирди.

Кечээ Жогорку Кеңештин сайтына 80 депутат Конституциянын жаңы редакциясын жазып, аны кабыл алуу үчүн референдум өткөрүүнү демилгелегени жарыяланган.

"Ооба, мен колдоп жатам. Бизде качан парламенттик башкаруу болду эле? Биринчи ушуга жооп береличи. Жазуусу бир, аткарылышы башка болуп келди да. Чындыкты ачык айтып иштейли, өкмөттүн жоопкерчилигин дагы толугу менен мойнума алам деп жатпайбы президент. Андыктан биз өзүбүздү өзүбүз алдабай, бир башкарууга өтүшүбүз керек", — деди Ормонов.

Ошондой эле ал жаңы Конституциянын долбоорун жазган негизги демилгечилер бар экенин айтып, бирок алардын атын атоодон баш тартты.

Трибуна. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баш мыйзамдын долбоору: бир эле президент өлкөнү 11 жыл башкарышы мүмкүн
"Негизги авторлору бар, бирок аларды так айта албайм. Жеке өзүм даярдалган Конституцияны окуп, анан демилгечи катары кол коюп бердим. Мен өткөн жумада окуп таанышкам, мурдагы күнү кол койдум. Даярдалган Конституциянын ушундай өзгөрүүсүн туура деп макулдугумду бердим", — деди Ормонов.

Депутат журналисттин "Конституциянын жаңы редакциясын жазууга өзүңүз катышкан жоксузбу?" деген суроосун жоопсуз калтырды.

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Эмиль Токтошев
Депутат Эмиль Токтошев - Sputnik Кыргызстан
1/3
Депутат Эмиль Токтошев
© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Айгерим Бешимбаева
Депутат Айгерим Бешимбаева - Sputnik Кыргызстан
2/3
Депутат Айгерим Бешимбаева
© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Иса Омуркулов
Депутат Иса Омуркулов  - Sputnik Кыргызстан
3/3
Депутат Иса Омуркулов
1/3
Депутат Эмиль Токтошев
2/3
Депутат Айгерим Бешимбаева
3/3
Депутат Иса Омуркулов

Буга чейин эл өкүлү Эмил Токтошев баш мыйзамды өзгөртүү долбоорунун автору болуп калганын социалдык тармактан билгенин айтса, Айгерим Бешимбаева демилгечи топко катышпаганын белгилеген. Ал эми Иса Өмүркулов долбоорду такыр көрбөгөнүн айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0