Баш мыйзамдын долбоору: бир эле президент өлкөнү 11 жыл башкарышы мүмкүн

Жазылуу
Президент Кыргызстандын эли тарабынан беш жылга тандалат. Бир эле адам өлкө башчы болуп эки мөөнөттөн ашык шайлана албайт.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Эгер жаңы Конституциянын долбоору кабыл алынса, бир эле президент кайсы бир учурларды эске алганда, өлкөнү 11 жыл башкарып калышы мүмкүн.

Баш мыйзамдын өзгөртүүлөр киргизилген долбоору коомдук талкуу үчүн Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды. Референдумду 10-январь күнү президенттик шайлоо менен бирге өткөрүү сунушталып жатат. Жаңы долбоордо президенттин ыйгарым укуктарын күчөтүп, эки мөөнөткө шайлоого уруксат берүү каралууда. Ошондой эле Элдик курултай киргизүү маселеси бар.

Учурдагы Баш мыйзам боюнча, президент алты жылдык мөөнөткө бир гана жолу шайланат.

Өзгөртүүлөр киргизилген долбоордогу сунуштар:

57-берене

Президент Кыргызстандын жарандары тарабынан беш жылга шайланат. Бир эле адам президент болуп эки мөөнөттөн ашык шайлана албайт.

Внеочередное заседание Жогорку Кенеша в госрезиденции - Sputnik Кыргызстан
Конституция долбоору каада-салтка каршы келген ЖМК жана иш-чараларга тыюу салат
Бирок толуктоолордо 3-берене бар. Ага ылайык, 2021-жылдын 10-январында боло турган мөөнөтүнөн мурда шайлоодо жеңип чыккан адам жаңы Конституцияга ылайык иштейт (эгер ал кабыл алынып калса), бирок президенттик мөөнөтү алты жыл бойдон калат.

Тагыраагы, 10-январда шайлана турган президент алты жыл иштейт жана бул биринчи президенттик мөөнөтү болуп эсептелет. Андан соң ал кийинки шайлоого катышып утса, өлкөнү дагы беш жыл башкарат. Ошентип ал эл башында 11 жыл турган болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0