Жаңы Конституцияда президенттин мөөнөтү эки тилде эки башка жазылган

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаКыргызстандын Конституциясын окуп жаткан адам. Архив
Кыргызстандын Конституциясын окуп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыркы Конституцияга ылайык, мамлекет башчы алты жылдык мөөнөткө бир эле жолу шайлана алат. 17-ноябрда жаңы Баш мыйзамдын долбоору жарыяланды.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Жаңы Конституциянын кыргыз тилиндеги долбоорунда бир эле адам бир жолу беш жылга президент боло алары жазылган. Ал эми расмий тилде (орусча) эки мөөнөткө шайлана алары белгиленген.

Эске салсак, учурдагы Конституцияга ылайык, мамлекет башчы алты жылдык мөөнөткө бир эле жолу шайланууга укуктуу.

Долбоордун кыргыз тилиндеги версиясы:

57-берене

  1. Президент Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан 5 жылга шайланат (Президент избирается гражданами Кыргызстана на пять лет).
  2. Бир эле адам эки жолу президент болуп шайлана албайт (Один и тот же человек не может быть избран президентом два раза).

Долбоордун расмий тилдеги версиясы:

  1. Президент избирается на 5 лет гражданами Кыргызстана.
  2. Одно и то же лицо не может быть избрано президентом более двух сроков.

17-ноябрда Жогорку Кеңештин 80 депутаты жаңы Конституциянын долбоорун жана референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыгышты. Документ Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланган. Референдумду 10-январда президенттик шайлоо менен катар өткөрүү сунушталууда. Долбоордо президенттин ыйгарым укуктарын күчөтүү каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0