Депутат Токтошев: жаңы Конституцияга автор экенимди соцтармактан билдим

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Эмил Токтошев. Архив
Депутат Эмил Токтошев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баш мыйзамдын жаңы редакциясын жазып чыккан демилгечи катары көрсөтүлгөн 80 депутаттын арасында Токтошев дагы бар болчу.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев жаңы сунушталган Конституция долбоорунун автору болуп калганын социалдык тармактан көргөнүн билдирди. Ал долбоорго кол койбогонун баса белгилеп, Facebook баракчасы аркылуу кайрылуу жасады.

Белгилей кетсек, Конституциянын жаңы редакциясын жазган демилгечи 80 депутаттын арасында Токтошев дагы көрсөтүлгөн болчу.

"Мен Конституцияны өзгөртүүчү топко кирүү, ал процессти ичинен көрүү үчүн, долбоорду жазып жатканда парламентаризмдин позициясын коргоо үчүн демилгелүү топко кирүүгө колумду койгом. Кечээ сурасам даяр долбоорду көрсөтүшкөн. Мен ошол эле жерден өзүмүн каршылыгымды айтып, чыгып кеткем. Мен бир гана парламентаризмди колдойм жана бул позициямдан тайбайм!" — деди Токтошев.

Белгилей кетсек, Баш мыйзамдын 114-беренесинин 3-абзацына ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен (80 депутат) кем болбогон эл өкүлдөрүнүн демилгеси менен Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам референдумга чыгарылышы мүмкүн.

Эгер Эмил Токтошев автор катары кол койбогону аныкталса, демек демилгечи депутаттардын саны 79 болуп калат.

Жаңылыктар түрмөгү
0