Кыргызстан менен Катар аскер-техникалык кызматташтыкты бекемдөөгө белсенди

Жазылуу
Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы аскердик багыттагы макулдашуунун долбоору тууралуу пикир алышып, куралдуу күчтөрдүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү зарылдыгына токтолушкан.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы Таалайбек Өмүралиев Катар мамлекетинин Кыргызстандагы өзгөчө жана ыйгарым укуктуу элчиси Абдалла бин Ахмед Аль-Сулейти менен жолукту. Бул тууралуу коргонуу мекемесинин маалымат кызматы кабарлады.

Өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы Таалайбек Өмүралиев Кытайдын элчиси Ду Дэвень менен жолугушу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Кытай менен Кыргызстан эки тараптуу аскердик байланышты бекемдөөгө даяр
Ага ылайык, тараптар негизинен аскердик жана аскер-техникалык кызматташуу боюнча сүйлөшкөн.

Өмүралиев Кыргызстан менен Катардын коргоо ведомстволору даярдаган аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтык боюнча укуктук нормативдик актыларды ишке ашыруу керектигин айткан.

Генштабдын башчысы менен элчи эки өлкөнүн ортосундагы аскердик багыттагы макулдашуунун долбоору тууралуу да сүйлөшүп, куралдуу күчтөрдүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү зарылдыгына токтолушкан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0