Атамбаевдин үй-бүлөсү, тарапташтары нааразычылык акциясына чыгышты. Видео

© Sputnik / Эркин СадыковЖогорку соттун алдындагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары митинг учурунда
Жогорку соттун алдындагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары митинг учурунда  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Суукка карабай Жогорку соттун алдына бир нече адамдар чогулган. Арасында Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева, уулдары, кызы, күйөө баласы жүрөт.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Жогорку соттун алдына митингге чыгышты.

© Sputnik / Эркин СадыковМурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Жогорку соттун алдына митингге чыгышты
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Жогорку соттун алдына митингге чыгышты - Sputnik Кыргызстан
1/4
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Жогорку соттун алдына митингге чыгышты
© Sputnik / Эркин СадыковАрасында Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева, уулдары, кызы, күйөө баласы жүрөт
Арасында Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева, уулдары, кызы, күйөө баласы жүрөт - Sputnik Кыргызстан
2/4
Арасында Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева, уулдары, кызы, күйөө баласы жүрөт
© Sputnik / Эркин СадыковСуукка карабай ал жерге бир нече адамдар чогулган
Суукка карабай ал жерге бир нече адамдар чогулган - Sputnik Кыргызстан
3/4
Суукка карабай ал жерге бир нече адамдар чогулган
© Sputnik / Эркин СадыковЧогулгандар "Атамбаев эң мыкты президент", "Ачык жана акыйкат сотту талап кылабыз", "Атамбаевге эркиндик" деген жазуусу бар транспоранттарды көтөрүп турушат
Чогулгандар Атамбаев эң мыкты президент, Ачык жана акыйкат сотту талап кылабыз, Атамбаевге эркиндик деген жазуусу бар транспоранттарды көтөрүп турушат - Sputnik Кыргызстан
4/4
Чогулгандар "Атамбаев эң мыкты президент", "Ачык жана акыйкат сотту талап кылабыз", "Атамбаевге эркиндик" деген жазуусу бар транспоранттарды көтөрүп турушат
1/4
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Жогорку соттун алдына митингге чыгышты
2/4
Арасында Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева, уулдары, кызы, күйөө баласы жүрөт
3/4
Суукка карабай ал жерге бир нече адамдар чогулган
4/4
Чогулгандар "Атамбаев эң мыкты президент", "Ачык жана акыйкат сотту талап кылабыз", "Атамбаевге эркиндик" деген жазуусу бар транспоранттарды көтөрүп турушат

Суукка карабай ал жерге бир нече адамдар чогулган. Арасында Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева, уулдары, кызы, күйөө баласы жүрөт.

Чогулгандар "Атамбаев эң мыкты президент", "Ачык жана акыйкат сотту талап кылабыз", "Атамбаевге эркиндик" деген жазуусу бар транспоранттарды көтөрүп турушат.

Бир катарлары "Боштондук" деп бир кыйкырышты.

"Конкреттүү жооп алабыз, себеби бүгүн болобу же болбойбу деген көп суроолор бар. Соттун тиешелүү өкүлдөрүнөн чыгып бизге сот канчасында болорун айтып коюшсун", — деди Атамбаевдин тарапташтарынын бири Рита Борбукеева үн күчөткүч менен сүйлөп жатып.

Жогорку соттун маалымат кызматы судьянын ооруп калгандыгына байланыштуу Атамбаевдин соту белгисиз мөөнөткө жылдырылгандыгын билдирген эле.

Жакындары "Атамбаев темир тордун артында мыйзамсыз отурат" деп билдирип, соттук процесстердин жабык өтүп жаткандыгына нааразы болуп, ачык жана таза сот болушун талап кыларын кечээ социалдык тармакка жазышкан.

Белгилей кетсек, Атамбаевди элдик толкундоодо 6-октябрга караган түнү митингчилер Ак үйдү басып алгандан кийин УКМКнын тергөө абагынан чыгарышкан. 10-октябрда Бишкектеги массалык башаламандыкты уюштурду деген кылмыш ишинин алкагында кайра кармашкан.

Ага чейин кримтөбөл Азиз Батукаевди абактан бошоткон деген айып менен 11 жылга кесилген. Мындан тышкары, 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы боюнча айыптуу катары саналууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0