Садыр Жапаров эмнеге биринчи арызын чакыртып алып, БШКга кайра барганы айтылды

© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер АлиевПрезиденттикке талапкер Садыр Жапаров. Архив
Президенттикке талапкер Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жапаров документтерин алгач 14-ноябрда эртең мененки саат 10:00дө тапшырган. Бирок ал президенттик ыйгарым укуктарын тапшырбаганы жана премьерлик укуктарын токтото электиги аныкталган.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Садыр Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлү Александр Мощин ал БШКга биринчи берген арызын артка чакыртып алып, кайра башынан тапшырышы боюнча түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, Жапаровдун президенттикке талапкерлигин көрсөтүү боюнча 14-ноябрда эртең менен берген документ толук болбой калган.

"Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарууну өткөрүп берүү жана премьер-министр кызматынын ыйгарым укуктарын токтотууга байланышкан иштер менен алек болгонуна байланыштуу түштөн кийин ишенимдүү өкүлү кошумча документтерди жеткирген. Мыйзам боюнча, ишенимдүү өкүл талапкер ооруп калганда же тергөө абагында болсо, анын ордуна документин алып барат. Ошондуктан келтирилген мүчүлүштүктөрдү жоюу үчүн арызы кайтарып алынды", — деп билдирди Мощин.

Мындан улам бардык документтерди толуктап Жапаров кечинде БШКга өзү барып кайрадан тапшырганы белгиледи.

Мурунку премьер-министр жана президенттикке талпакер Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жапаров дайындаган кадрлар. Кызматка келген достору, үзөңгүлөштөрү
Белгилей кетсек, Жапаров документтерин алгач 14-ноябрда эртең мененки саат 10:00дө тапшырган. Бирок кийинчерээк ал президенттик ыйгарым укуктарын тапшырбаганы жана премьерлик укуктарын токтото электиги аныкталган.

Маалымат катчы Галина Байтерек Жапаров ыйгарым укуктарын тапшыргандан кийин кыргызстандыктарга кайрылуу жасай турганын кабарлаган. Жапаровдун элге кайрылуусу саат 21:00дө жарыяланган.

Кийинчерээк Жапаров БШКга шайлоого катышуу боюнча арызын чакыртып алып, кайра тапшырганы маалым болду. Учурда ал эң акыркы, 63-тизмеде турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0