Премьер-министрлик Артем Новиковго жүктөлдү. Жапаров кызматын тапшырды

© Sputnik / Табылды КадырбековБиринчи вице-премьер Артем Новиков. Архив
Биринчи вице-премьер Артем Новиков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жапаровдун ыйгарым укуктары алдыдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгы аныкталганга чейин токтотулду.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Биринчи вице-премьер Артем Новиков премьер-министрдин милдетин аткаруучу деген макам менен ишке киришти. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчы Садыр Жапаровдун ыйгарым укуктары президенттик шайлоонун жыйынтыгы аныкталганга чейин токтотулган. Тиешелүү буйрукка Жапаров өзү кол койгону айтылат.

Ушул эле буйрукка ылайык, шайлоо мезгилинде премьер-министрдин милдетин аткаруу биринчи вице-премьер-министр Артем Новиковго жүктөлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0