Садыр Жапаров президенттик ыйгарым укуктарын тапшырып, премьерлик кызматын токтотту

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевИсполняющий обязанности президента КР, премьер-министр Садыр Жапаров
Исполняющий обязанности президента КР, премьер-министр Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жапаров 2021-жылдын 10-январында өтө турган президенттик шайлоого аттанды. Бүгүн, 14-ноябрда, Жапаров шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арызын берген.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Садыр Жапаров коомчулукка кайрылуу жасап, президенттик ыйгарым укуктарын өткөрүп, премьер-министрлик укуктарын токтотконун айтты. Бул тууралуу президенттин сайтына жарыяланды.

“Урматтуу мекендештерим, баарыңыздарга белгилүү болгондой, өлкөбүздө президенттик шайлоо жараяны жүрүп жатат. Мен да бүгүн президенттик шайлоого катышуу үчүн арыз бердим. Ушуга байланыштуу мен өлкө президентинин ыйгарым укуктарын мыйзам чегинде тапшырып берип, премьер-министр катары ыйгарым укуктарымды токтотуп, президенттик шайлоого катардагы жаран катары катышайын деп чечтим”, — деди Жапаров.

Президент Узбекистана Шавкат Мирзиеев - Sputnik Кыргызстан
Садыр Жапаров Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү
Белгилей кетсек, Садыр Жапаров 2021-жылдын 10-январында өтө турган президенттик шайлоого аттанды. Бүгүн, 14-ноябрда, Жапаров шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арызын берген

Эске салсак, парламенттик шайлоодон кийинки өлкөдөгү башаламандыктан соң Садыр Жапаров премьер-министр болуп дайындалып, кийин президенттин милдетин аткаруучу да болуп калган. Конституция боюнча президенттин милдетин аткарып жаткан адам шайлоого бара албайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0