Кыргызстанда президенттик шайлоого катышам деген талапкерлердин саны 50гө жетти

© Sputnik / Табылды КадырбековХод выборов президента Кыргызстана в Бишкеке
Ход выборов президента Кыргызстана в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттикке талапкерлигин койгондордун арасында саясатчы, мугалим, пенсионерден жумушсуздарга чейин бар.

БИШКЕК, 14-ноя. – Sputnik. Кыргызстандагы президенттик шайлоого катышкысы келип, арыз тапшыргандардын саны 50гө жетти.

Буга чейин 43үнүн аты-жөнү жарыяланган. Саат 17:00гө карата дагы жети адам БШКга арызын берди. Алар:

  • Базарбай Темишов, пенсионер;
  • Кубанычбек Исабеков, саясатчы;
  • Жээнбек Искендеров, мугалим;
  • Жаныбек Сүйүналиев, жумушсуз;
  • Чынгыз Капаров, жумушсуз;
  • Юлия Лилиенталь, мугалим;
  • Санжарбек Энназаров, ишкер;
  • Айбек Эркетаев, жумушсуз.
Жаңылыктар түрмөгү
0