33 жаштагы Элмырза Үкүбаев "Кыргыз алтынга" жетекчи болуп барды

© Фото / ОАО "Кыргызалтын"Кыргызстандын жана "Кыргызалтын" ишканасынын желектери. Архив
Кыргызстандын жана Кыргызалтын ишканасынын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы жетекчи 2017-жылга чейин депутаттын жардамчысы, соңку убактарда Кумтөр кени боюнча долбоорлор менен алектенип жүргөн.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Элмырза Үкүбаев "Кыргыз алтын" мамлекеттик ишканасына жетекчи болуп дайындалды. Бул туурасында компаниянын маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн, 13-ноябрда, "Кыргыз алтындын" директорлор кеңеши Үкүбаевди башкаруучулуктун төрагасы кылып дайындоо чечимин кабыл алган.

Нурбек Козубеков Улуттук энергохолдингге жетекчи болуп барды

Ал 2017-жылдын 13-декабрына чейин Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаровдун коомдук башталгычтагы кеңешчиси болуп иштеген. Соңку убактарда Кумтөр кени боюнча долбоорлор менен алектенип жүргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0