Жапаров чет өлкөлүк дипломаттарга октябрда эл эмнеге толкуганын айтып берди

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезиденттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров
Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жапаровдун айтымында, өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал турукташып, бийлик 2005 жана 2010-жылдагы окуялардан сабак алды. 

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Октябрь айындагы окуялар адилетсиз өткөн шайлоонун натыйжасынан улам болду. Бул туурасында президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров элчилер менен жолугушуу учурунда билдирди.

Бүгүн Жапаров "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Кыргызстанда иш алып барган чет өлкөлөрдүн элчилери, ардактуу консулдар, эл аралык уюмдардын жана Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлдөрү менен жолугуп жатат.

Садыр Жапаров менен Путин телефон аркылуу сүйлөштү

"Кыргызстандын эли коррупциядан, укуктун жоктугунан жана топтолгон экономикалык көйгөйлөрдөн тажады. Эл эскиче жашагысы келбей, бийликти кетирүү талабы менен аянтка чыгышты. Кыргыз эли чынчыл жана адилеттүү жашоого болгон укугун коргой алды", — деди Жапаров.

Жапаровдун айтымында, өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал турукташып, бийлик 2005 жана 2010-жылдагы окуялардан сабак алды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0