Садыр Жапаров маалымат жыйында эмне деп айтты. Урунттуу учурлар

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезиденттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров. Архив
Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Садыр Жапаров 12-ноябрда бир жарым саатка жакын убакыт журналисттердин суроолоруна жооп берди. Маалымат жыйындагы сөз болгон негизги учурларга токтолобуз.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров алгачкы маалымат жыйынын өткөрүп, ЖМКлардын өкүлдөрүн чакырды.

Журналисттер менен суроо-жооп бир жарым саатка чукул созулду.

Төмөндө Жапаровдун негизги билдирүүлөрү:

  • Президенттин милдети спикер Талант Мамытовго, ал эми премьер-министрлик Артем Новиковго (милдетин аткаруучу макамы менен) өтө турганын айтты. Бирок отставка тууралуу кеп болгон жок;
  • Кыргызстанда диктатура болбойт, себеби “эл ага жол бербейт” же “өзүнүн аны орнотоюн деген ою жок”;
  • Жаңы сунушталып жаткан Конституциянын долбоорунда 35 депутат бир мандаттуу округдан, 50сү партиялык система менен Жогорку Кеңешке келе алат. Жалпысынан 90го жакын депутат болот;
  • “Тышкы карыз үчүн Нарындагы Жетим-Тоонун бир куму да башкаларга берилбейт, өзүбүз иштетебиз”, — деди. Кытайдын карызынан кутулуу жолдорун издеп жатканын айтты. Эске салсак, Жапаров бир нече күн мурда тышкы карыздан табигый ресурс менен кутулабыз деп айткан эле;
  • “Алмазбек Атамбаевди үй камагына чыгарып коёт элем, бирок эртең сөз кыласыңар”, — деди. Андыктан сот карап, чечим чыгарышы керектигин, аларга көрсөтмө бере албастыгын айтты;
  • Мамлекеттик чек ара кызматын УКМКнын курамына киргизүү эч кимге зыянын тийгизбейт деген оюн билдирди. Тескерисинче, чек арачылардын айлыгы көбөйөт деп ишенет. “Ал үчүн зарыл болгон 2-2,5 миллиард сомду алчу булак табылган”;
  • Мурдагы бийликтин ишин улантып, Бакиевдердин экстрадициясын талап кылат. “Биздин иштегенибизге жарым айдай эле болду. Эгерде, чынын айтсак, Бакиевдер эле күнөөлүү эмес”, — деди. Алар чыгарып кеткен 300 миллион доллар боюнча ишти карап жатканын кошумчалады;
  • Бюджеттен сырткары каражаттан насыя алып, төлөй албай калгандардын карызын жабуу үчүн 1,2 млрд. сом бөлөт;
  • Экономикалык мунапыс боюнча мыйзам азыр Жогорку Кеңештин кароосунан өтүп жатат. Толук кандуу үч окуудан өтүп келсе, кол коюп анан кетерин айтты. Бул ийгиликтүү ишке ашат деген ишенимде;
  • Эгерде президенттик шайлоодо жеңилип калса, анын тарапташтары митингге чыкпай турганын айтып, убада кылды.

Жапаровдун айткандары тууралуу кеңири маалыматты журналисттерге өткөргөн пресс-жыйындын тексттик баяндамасынан таанышса болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0