Байланыш уланат. Жапаров менен Мишустин телефон аркылуу сүйлөштү

© Sputnik / Александр Астафьев / Медиабанкка өтүүРоссиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин. Архив
Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки өлкөнүн өкмөт башчылары мындан аркы кызматташуу боюнча пикир алышып, коронавирус менен күрөшүүдө көрүлчү чараларды талкуулашкан.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Премьер-министр Садыр Жапаров Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, эки өлкөнүн өкмөт башчылары мындан аркы кызматташуу боюнча пикир алышып, коронавирус менен күрөшүүдө көрүлчү чараларды талкуулашкан.

"Кыргыз тарап мындан аркы стратегиялык өнөктөштүктү жана Россия менен мамилени өнүктүрүп, бекемдөөгө өзгөчө маани берет жана болгон күчүн жумшайт. Эки өлкөнүн кызматташтыгы боюнча актуалдуу маселелерди чечүү үчүн колуман келген аракетимди кылам", — деген Жапаров.

Садыр Жапаров менен Путин телефон аркылуу сүйлөштү

Сүйлөшүүнүн соңунда тараптар эки мамлекеттин өкмөттөрү тыгыз байланышта иштөөсүн уланта берерин айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0