Садыр Жапаров менен Путин телефон аркылуу сүйлөштү

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевПрезиденттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров. Архив
Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жапаров Владимир Путинге коронавирус менен күрөшүүдө Кыргызстанга көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирген. Андан сырткары, эки өлкөнүн кызматташтыгын жана мамилесин мындан ары өнүктүрүү үчүн аракетин жумшай турганын айтты.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Россия лидери Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынан кабарлашты.

Билдирмеге ылайык, тараптар кыргыз-россия мамилесинин абалы жана келечеги тууралуу сүйлөшкөн.

"Жапаров Владимир Путинге коронавирус менен күрөшүүдө Кыргызстанга көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн кызматташтыгын жана мамилесин мындан ары өнүктүрүү үчүн бардык аракетин жумшай турганын айтты", — деп жазылат маалыматта.

Путин: акыркы жылдары Кыргызстанга туруктуулук жетпей жатты

Телефон менен сүйлөшүү учурунда Путин Кыргызстандагы кырдаалдын турукташып, өлкө ичиндеги саясий маселелер эртерээк чечилип кетишин каалаган.

Эске салсак, буга чейин Садыр Жапаров ШКУнун видеоконференция форматындагы жыйынында Путинден телефон менен сүйлөшүүнү өтүнгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0