Президенттикке талапкерлигин койгондор 15ке жетти. Арасында бир студент бар

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкек шаарындагы ак үйдүн көрүнүшү
Бишкек шаарындагы ак үйдүн көрүнүшү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын мамлекет башчысын шайлоо күнү 2021-жылдын 10-январына дайындалган. Ага катышууну каалагандар 15-ноябрга чейин БШКга арыз бериши керек.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын президенти болуу үчүн талапкерлигин көрсөткөн адамдардын саны 15ке жетти. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Кечээ дагы үч жарандан БШКга арыз келип түшкөн. Алар төмөнкүлөр:

  • Кубанычбек Кадыров — 50 жашта, "Чындык" саясий партиясынын лидери;
  • Азамат Эсенбеков — 36 жашта, "Алфа-Телеком" компаниясынын кызматкери;
  • Аймен Касенов — 46 жашта, Чехиянын Прага шаарындагы Нью-Йорк университетинин студенти.

Клара Сооронкулова президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз берди

Кыргызстандын мамлекет башчысын шайлоо күнү 2021-жылдын 10-январына дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0