Эртеңден тарта ЖК депутаттары Ак үйдөн иштеп, алгачкы жыйынын өткөрөт

© Sputnik / Акылбек БатырбековДемонтаж ограждения вокруг здания Жогорку Кенеша в Бишкеке
Демонтаж ограждения вокруг здания Жогорку Кенеша в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештин имараты талкалангандан кийин депутаттардын жыйыны мамлекеттик резиденцияда өтүп жаткан.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары октябрь айындагы элдик толкундоодон кийинки Ак үйдөгү алгачкы жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, эртең, 12-ноябрда, саат 10:00дө парламент имаратынын батыш залында жалпы жыйын өтөт. Күн тартибинде 10 мыйзам жана бир токтом долбоору каралмакчы.

Рысалиев 3 партия жаңы Ак үй салып берсин десе, депутаттар каткырышты. Видео

6-октябрда Ак үйдүн ичи талкалангандан кийин ЖК депутаттарынын жыйыны "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0