Клара Сооронкулова президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз берди

© Фото / пресс-служба партии "Реформа"Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова
Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Талапкер буга чейин 4-октябрдагы парламенттик шайлоого "Реформа" партиясынын лидери катары катышкан болчу.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирди. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматы кабарлады.

Ал БШКга бүгүн, 11-ноябрда, өзүн-өзү талапкерликке көрсөтүү жолу менен кайрылган.

Клара Сооронкулова жыйынтыгы жокко чыгарылган 4-октябрдагы парламенттик шайлоого "Реформа" партиясынын лидери катары катышкан болчу.

Жапаров менен жолуккан Бабанов президенттик шайлоого катышпай турганын айтты

Ушуну менен мамлекет башчылыкка өзүн көрсөтүү ниетин билдирген жарандардын саны 12ге жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0