Путин: акыркы жылдары Кыргызстанга туруктуулук жетпей жатты

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүРоссия президенти Владимир Путин
Россия президенти Владимир Путин  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ШКУнун саммитинде президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров республикада азыр абал туруктуу жана бийлик органдары кадимки калыбында иштеп жаткандыгын айтты.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Кыргызстандагы туруктуулук узак болоруна үмүт артарын ШКУнун саммити учурунда айтты.

Анын алдында президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров сүйлөп, 5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон элдин толкуганына токтолду. Бийлик тынчтык жолу менен жана мыйзамдуулук тыкыр сакталып өттү деп айтты. Жапаровдун айтымында, республикада азыр абал туруктуу жана бийлик органдары кадимки калыбында иштеп жатат.

Жыйынга төрагалык кылган Россия лидери Владимир Путин кесиптешинин сүйлөгөнүнө ыраазычылык билдирди.

"Абал сиз билдиргендей туруктуу экендигин айтып өттүм. Бул Кыргызстанга акыркы жылдары жетишпеген нерсе эле. Саясатта туруктуулук болбосо өлкөдөгү экономикалык жана социалдык бир дагы маселенин чечилбей турганы бизге белгилүү. Сиз айткан туруктуулук бекем жана көпкө созулуп, мамлекеттин, экономиканын өнүгүшүнө кызмат кылышын чын дилден каалайбыз", — деди россиялык лидер.

Садыр Жапаров Путинден телефон аркылуу сүйлөшүүнү өтүндү

Путин Жапаровдун инфраструктуралык долбоорлорго көбүрөөк көңүл буруу боюнча сунуштарына комментарий жасады.

"Кыргызстан, Россия жана Кытайдын ортосунда конкреттүү долбоорлор бар. Мен сиз айткандай саясаттагы ырааттуулук иш жүзүнө ашарына үмүт артам. Россия сиздерди, өзгөчө сиздердин мындай маанайдагы умтулууңарды колдоо үчүн бардыгын жасайт", — деп кошумчалаган Путин.

Эске салсак, бүгүн ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйыны болуп, ага Россия төрагалык кылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0