Садыр Жапаров ШКУ өлкөлөрүнүн лидерлерине КРдеги шайлоо таза өтөрүн айтты

© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер АлиевПрезиденттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров. Архив
Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ШКУ саммитинде Жапаров Кыргызстандын жаңы президентин шайлоо таза жана атаандаштыкта өтө тургандыгын айтып, бул мындан аркы туруктуулуктун кепилдиги экендигин билдирди.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Шанхай кызматташтыгы уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышып отурган лидерлерге Кыргызстанда шайлоо таза жана атаандаштыкта өтөрүн айтты.

"Президенттик шайлоо 10-январга белгиленген. Аны таза жана атаандаштыкта өткөрүү — өлкөдөгү мындан аркы туруктуулуктун кепилдиги. Бул үчүн бизде саясий эрк жетиштүү", — деген Жапаров.

Путин Кыргызстандын ички иштерине сырттан кийлигишүүлөргө каршы экенин билдирди

Эске салсак, Кыргызстанда президенттиктен кийин эле Жогорку Кеңешке шайлоо болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0