Садыр Жапаров ШКУ саммитине катышат. Президенттер эмнени талкуулайт?

© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер АлиевОчередное заседание Совета глав правительств стран СНГ в формате видеоконференции
Очередное заседание Совета глав правительств стран СНГ в формате видеоконференции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чаранын жүрүшүндө эл аралык жана регионалдык актуалдуу маселелер боюнча пикир алышуу болору айтылууда. Жыйын соңунда бир катар документтер кабыл алынат.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын отурумуна катышат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге ылайык, видеоконференция форматындагы жыйын бүгүн, 10-ноябрда, Россиянын төрагалыгы астында өтөт.

Иш-чаранын жүрүшүндө эл аралык жана регионалдык актуалдуу маселелер боюнча пикир алышуу болору айтылууда. Жыйын соңунда бир катар документтер кабыл алынат.

Белгилей кетсек, Шанхай кызматташтык уюму 2001-жылдын 15-июнунда түзүлгөн. Ал туруктуу эл аралык уюм. Алаканын негизги багыттары — экономикалык кызматташууну өнүктүрүү, энергетикалык өнөктөштүк, илим, маданият жаатында өз ара иштешүү, ошондой эле террорчулук, сепаратизм, экстремизм жана наркотрафик менен күрөшүү.

Садыр Жапаровдун биринчи кайсы өлкөгө иш сапар менен барары айтылды

Азыр ШКУга Кыргызстан, Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан мүчө. Ал эми Афганистан, Беларусь, Иран, Монголия байкоочу мамлекеттердин макамында турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0