Баш мыйзамга кандай өзгөртүүлөр киргизилет. Жапаровдун түшүндүрмөсү

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз Республикасын конституциясы. Архив
Кыргыз Республикасын конституциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Садыр Жапаровдун айтымында, Конституциянын өзгөртүүлөр киргизилген долбоору он күндүн тегерегинде даяр болуп, элге тааныштырылат.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын Башкы мыйзамынын өзгөртүүлөр киргизилген долбоору он чакты күндүн ичинде даяр болорун жана анда кандай жаңычылдыктар каралганын президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров айтып берди.

Эске салсак, ал бүгүн Нарын облусуна иш-сапары менен барып, эл менен жолуккан.

"Адистер Конституция боюнча иштеп жатышат, ал 10 күндүн тегерегинде даяр болот. Анда  парламенттик эмес, президенттик башкаруу системасы, Жогорку Кеңешке депутаттарды партиялык тизме менен жана бир мандаттуу округдардан шайлоо каралган. Ошондой эле курултай системасы киргизилет. Жаңы Конституция кабыл алынып калса, жер-жерлерден делегаттар чогулуп, жыл сайын бийликтен отчёт алып турасыңар. Аны референдумда өзүңөр чечесиңер", — деди ал.

Садыр Жапаров: 14-ноябрга чейин президенттик ыйгарым укуктарымды өткөрүп берем

Эске салсак, Жапаров бийликке келери менен алдыга койгон максаттарынын бири конституциялык реформа жүргүзүү экенин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0