Трамп: президенттик шайлоонун жыйынтыгына жогорку сот чекит коюшу мүмкүн

© AFP / MANDEL NGANПрезидент США Дональд Трамп
Президент США Дональд Трамп - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шейшембиде АКШда президенттик шайлоо өтүп, мамлекеттик эң жогорку кызмат үчүн Дональд Трамп менен демократтардан Джо Байден ат салышты. Шайлоонун жыйынтыгы бир катар штаттарда азырынча чыга элек.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп шайлоонун жыйынтыгына байланышкан маселе Жогорку сотто бүтөрүн боолголоду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Трамп шайлоодо жеңерине ишенип жатканын айтат.

"Биз шайлоону оңой эле жеңебиз деп ойлойбуз. Шайлоо боюнча сотко көптөгөн арыздануулар болот деп жатабыз, анткени бизде көптөгөн далилдер, фактылар бар. Бул иш өлкөнүн жогорку сотунда аякташы мүмкүн", — деген Трамп.

АКШнын жогорку соту президенттик шайлоонун жыйынтыгын бир гана жолу, 2000-жылы чечкен. Анда Флоридадагы добуштарды саноону токтото туруу чечиминен улам жеңиш Жорж Бушка берилген.

ЖМК: Байден эми бир штаттан эле жеңсе АКШнын президенти болот

Шейшембиде АКШда президенттик шайлоо өтүп, мамлекеттик эң жогорку кызмат үчүн Дональд Трамп менен демократтардан Жо Байден ат салышты. Шайлоонун жыйынтыгы бир катар штаттарда азырынча чыга элек.

Трамп шайлоодо жеңип чыкканын кечээ жар салып, демократтарды "шайлоонун жыйынтыгын уурдап алууга аракет жасады" деп айыптады. Учурдагы президенттин штабы добуштарды кайра эсептөөнү талап кылууну ниеттенип жатат. Американын алдыңкы телеканалдарынын маалыматы боюнча, Байден алдыда келе жатат. Толук жеңишти камсыздоо үчүн ал дагы алты тандоочунун добушуна ээ болушу керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0