Канат Исаев президенттик шайлоого аттанган 7-талапкер болуп БШКга кайрылды

Жазылуу
Канат Исаев бүгүн өз арызы менен Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кетти. Ал бул кызматка 13-октябрда дайындалып, бир ай дагы толук иштеген жок.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Экс-спикер Канат Исаев президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип БШКга кайрылды. Бул тууралуу аталган органдын маалымат кызматы кабарлады.

4-ноябрга карата Борбордук шайлоо комиссиясына президенттикке аттанган жети адамдан арыз келип түштү. Алар:

  • Адахан Мадумаров;
  • Арстанбек Абдылдаев;
  • Кубан Чороев;
  • Назарбек Нышанов;
  • Бектур Асанов;
  • Бакыт Бакетаев;
  • Канат Исаев.

Жапаров: президенттик шайлоодо эң биринчи админресурс менен күрөшөм

Ошондой эле Садыр Жапаров да президенттик шайлоого катышууга белсенип жатат. Ал мамлекет башчынын милдетин аткаруу укугун 14-ноябрга чейин тапшырууну убадалады.

Белгилей кетсек, Канат Исаев бүгүн өз арызы менен Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кетти. Ал бул кызматка 13-октябрда дайындалып, бир ай дагы толук иштеген жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0