Жогорку Кеңешке жаңы төрага шайланды

© Sputnik / Жоомарт УраимовЖогорку Кеңештин жаңы шайланган төрагасы Талант Мамытов
Жогорку Кеңештин жаңы шайланган төрагасы Талант Мамытов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дастан Жумабеков спикерликтен кеткен соң анын ордуна дайындалган Канатбек Исаев бүгүнкү жыйын учурунда төрагалыктан кетерин айткан.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин жаңы төрагасы болуп Талант Мамытов шайланды. 100 депутат "макул" деп добуш берсе, бирөө каршы чыкты.

Эске салсак, буга чейинки спикер Канатбек Исаев президенттик шайлоого аттанарын айтып, кызматынан баш тарткан.

Бүгүн, 4-ноябрда, "Ала-Арча" резиденциясына Жогорку Кеңештин депутаттары жыйынга чогулду. Анда бир нече мыйзам долбоору каралмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0