Текебаев: азыркы бийлик өткөндөн сабак алган-албаганын 2 айдан кийин көрөбүз

Жазылуу
"Ала-Арча" резиденциясына Жогорку Кеңештин депутаттары жыйынга чогулду. Анда бир нече мыйзам долбоору каралмакчы. Ошондой эле парламент төрагасын шайлоо маселеси дагы каралары күтүлүп жатат.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Азыркы бийлик өткөндөн сабак алган же албаганын эки айдан кийин билебиз. Мындай ойду депутат Өмүрбек Текебаев "Ала-Арча" резиденциясында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып айтты.

Ага "бийликтин бардык рычагдары Садыр Жапаровдун колуна өттү деп жатасыздар. Алдыдагы шайлоолордо административдик ресурс колдонулбайт деп ишенсек болобу?" деген суроо берилди.

"Буга чейинки элдик толкундоолордун бардыгына шайлоодогу мыйзамсыз аракеттер себеп болгон. Азыркы бийлик андан сабак алдыбы же алган жокпу, январь айындагы шайлоонун жыйынтыгы менен көрөбүз", — деди эл өкүлү.

Бүгүн, 4-ноябрда, "Ала-Арча" резиденциясына Жогорку Кеңештин депутаттары жыйынга чогулду. Анда бир нече мыйзам долбоору каралмакчы. Ошондой эле парламент төрагасын шайлоо маселеси дагы каралары күтүлүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0