Улуттук энергохолдингдин жетекчиси кызматтан кетүү боюнча арыз жазды

© Фото / пресс-служба ЖКДепутат ЖК Айтмамат Назаров
Депутат ЖК Айтмамат Назаров  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Назаров энергетиктердин башын бириктирген холдингге жетекчи болуп былтыр майда дайындалган. Ага чейин Жогорку Кеңештин депутаты болчу.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. "Улуттук энергетикалык холдинг" ишканасынын директору Айтмамат Назаров кызматтан кетүү үчүн арыз жазды. Бул кабарды ишкананын маалымат кызматы тастыктады.

Ал арада Назаров өзүнүн Facebook баракчасына жазган арызынын сүрөтүн жарыялады. Анда башка кызматка которулуп жатканына байланыштуу ээлеген ордунан бошотууну суранганы көрсөтүлгөн.

"Менин жашоомдун дагы бир унутулгус бөлүгү аягына келип жетти. Бул кызыктуу убакытты мен энергетиктер менен бирге өткөрдүм. Эмгеги анчейин көзгө көрүнбөгөн, бирок эң маанилүү ишти аркалаган энергетиктер менен көп жетишкендиктерге жеттик. Биз бир үй-бүлө боло алдык", — деп билдирүү жасаган Назаров.

Айтмамат Назаров "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясына жетекчи болуп былтыр 23-майда дайындалган. Ага чейин Жогорку Кеңештин депутаты болуп иштеп жаткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0