Конституциялык палата парламенттик шайлоону жылдыруунун мыйзамдуулугун карайт

© Фото / официальный сайт Конституционной палаты КРКонституциялык палатанын имараты. Архив
Конституциялык палатанын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңеш БШКга таянып иш алып барып жаткан беренени токтотуп салгандан кийин, айрым жарандар жана бир партия Конституциялык палатага даттанган.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Конституциялык палатанын судьялар коллегиясы парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу мыйзамы боюнча кайрылууну карай баштады. Бул тууралуу аталган органдын маалымат кызматы билдирди.

Аталган даттануу соттук өндүрүшкө алынып, ишти кароо боюнча даярдыктар жүрүп жатканы айтылат.

"Касымбеков Н.А., Усубалиев Т.Б. жана "Реформа" саясий партиясынын "Кыргыз Республикасынын президенти жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР конституциялык мыйзамынын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө" КР конституциялык мыйзамын кабыл алуу" мыйзамдын жобосун текшерүү боюнча кайрылуусун өндүрүшкө алды", — деп айтылат маалыматта.

Парламенттик шайлоо 20-декабрда өтпөйт! Жогорку сот БШКнын чечимине чекит койду

Белгилей кетсек, 21-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоону кайра өткөрүүнү 20-декабрга белгилеген. Анын эртеси Жогорку Кеңеш шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу боюнча, башкача айтканда, БШК таянып иш алып барып жаткан беренени 1-июнга чейин токтото туруу мыйзамын кабыл алды. Ал документке президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров да кол койгон. Мындан улам жогоруда аталган тараптар Конституциялык палатага даттанган.

Ал ортодо БШК дагы парламенттик шайлоону белгиленген мөөнөттө өткөрүүгө аракет кылып соттошуп көрдү. Бирок эки инстанциядан тең утулуп калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0