Жогорку Кеңештин кызматкерлери эмнеге айлык албай жатат? Расмий жооп

Жазылуу
Буга чейин депутат Дастан Бекешев ЖК аппаратынын жана иш башкармалыгынын кызматкерлерине айлык төлөнбөй жатканын билдирген.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Парламенттин маалымат кызматы Жогорку Кеңештин кызматкерлерине убагында айлык берилбей калганын ырастады.

Белгилей кетсек, буга чейин депутат Дастан Бекешев өзүнүн Telegram-каналы аркылуу ЖКнын аппаратынын жана иш башкармалыгынын кызматкерлерине айлык төлөнбөй жатканын билдирген болчу.

“5-6-октябрдагы окуяларда Жогорку Кеңештин имаратындагы компьютерлер талкаланып, уурдалып, документтер жоголгондугуна байланыштуу тиешелүү эсеп-кысап бөлүмүнүн ишинде көйгөйлөр жаралган. Натыйжада айлыкты убагында берүү кечеңдеп жатат. Учурда документтерди калыбына келтирүү жана эсептөө иштери жүргүзүлүүдө. Каралган акча толук бойдон кийинки аптанын жума күнүндө төлөнүп берилет”, — дешти ЖКнын маалымат кызматынан.

Кыргызстандагы кытай ишкерлери Жогорку Кеңешке 15 ноутбук тартуулады

Буга чейин ЖК депутаттары кийинки чакырылыш келгенге чейин маяна албай иштөө чечимин кабыл алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0