Жапаров баштаган өкмөт мүчөлөрү кайсы окууну бүтүп, кандай кесипке ээ? Тизме

© Sputnik / Эмиль СадыровӨкмөт үйүин имараты. Архив
Өкмөт үйүин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр Садыр Жапаров баштаган өкмөттүн курамы түзүлдү. 28-октябрда алар ант берип, кызматтарына киришти.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги өкмөттүн жаңы мүчөлөрү кайсы окуу жайды аяктап, кайсы адистиктин ээси экенине кызыгып көрдү.

Садыр Жапаров, премьер-министр

1986-жылы Фрунзе шаарындагы Дене тарбия университетине тапшырган. Орто жолдон армияга чакырылып, кызмат өтөп келип, окуусун 1989-жылы кайра уланткан.

2006-жылы Кыргыз-Россия Славян университетинин юридика факультетин аяктаган.

© Sputnik / Табылды КадырбековСадыр Жапаров, премьер-министр
Жапаров баштаган өкмөт мүчөлөрү кайсы окууну бүтүп, кандай кесипке ээ? Тизме - Sputnik Кыргызстан
Садыр Жапаров, премьер-министр

Артем Новиков, биринчи вице-премьер

Балтика мамлекеттик техникалык университетин аяктаган. Кесиби — экономист-менеджер.

© Sputnik / Табылды КадырбековАртем Новиков, биринчи вице-премьер
Жапаров баштаган өкмөт мүчөлөрү кайсы окууну бүтүп, кандай кесипке ээ? Тизме - Sputnik Кыргызстан
Артем Новиков, биринчи вице-премьер

Эльвира Сурабалдиева, вице-премьер

2000 — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин "эл аралык байланыштар" адистиги боюнча аяктаган.

2003 — Улуу Британиянын Бристоль университетин "эл аралык байланыштар" адистиги боюнча бүтүргөн.

© Sputnik / Табылды КадырбековЭльвира Сурабалдиева, вице-премьер
Жапаров баштаган өкмөт мүчөлөрү кайсы окууну бүтүп, кандай кесипке ээ? Тизме - Sputnik Кыргызстан
Эльвира Сурабалдиева, вице-премьер

Равшан Сабиров, вице-премьер

1991-1996 — Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин эсеп-коммерциялык факультетин аяктаган. Кесиби — соода-сатык боюнча адис;

1997-1999 — Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин бажы жана юридика кадрларын даярдоо факультетин бүтүргөн;

1997-1999 — Россиядагы бажы академиясын аяктаган.

© Sputnik / Табылды КадырбековРавшан Сабиров, вице-премьер
Жапаров баштаган өкмөт мүчөлөрү кайсы окууну бүтүп, кандай кесипке ээ? Тизме - Sputnik Кыргызстан
Равшан Сабиров, вице-премьер

Максат Мамытканов, вице-премьер

Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит факультетин бүтүргөн.

35 жашка чыкпай жогорку кызматты ээлеген аткаминерлер. Тизме

© Sputnik / Асель СыдыковаМаксат Мамытканов, вице-премьер
Жапаров баштаган өкмөт мүчөлөрү кайсы окууну бүтүп, кандай кесипке ээ? Тизме - Sputnik Кыргызстан
Максат Мамытканов, вице-премьер

Бактыбек Аманбаев, өкмөттүн аппарат жетекчиси

Кыргыз улуттук университетинде билим алган. Кийин ушул эле университеттин аспирантурасында саясат таануу факультетин бүтүргөн. Мындан тышкары, президенттин алдындагы Бизнес жана менеджмент боюнча Бишкек эл аралык мектебинин "иштиктүү администрациялоо боюнча магистр" адистигин, Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Дипломатиялык академияны аяктаган. АКШдагы Кеннеси университетинде да окуган.

© Sputnik / Табылды КадырбековБактыбек Аманбаев, өкмөттүн аппарат жетекчиси
Жапаров баштаган өкмөт мүчөлөрү кайсы окууну бүтүп, кандай кесипке ээ? Тизме - Sputnik Кыргызстан
Бактыбек Аманбаев, өкмөттүн аппарат жетекчиси

Марат Жаманкулов, юстиция министри

2001 — Кыргыз-Россия Славян университетинин юридика факультетин аяктап, аталган университеттин аспиранты болгон. Кесиби — юрист.

© Sputnik / Табылды КадырбековМарат Жаманкулов, юстиция министри
Жапаров баштаган өкмөт мүчөлөрү кайсы окууну бүтүп, кандай кесипке ээ? Тизме - Sputnik Кыргызстан
Марат Жаманкулов, юстиция министри

Руслан Казакбаев, тышкы иштер министри

1991 — Фрунзенин политехникалык институтун аяктаган;

2002 — Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн;

2004 — Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Дипломатиялык академияны аяктаган.

© Фото / Пресс-служба МИД РФ / Медиабанкка өтүүРуслан Казакбаев, тышкы иштер министри
Жапаров баштаган өкмөт мүчөлөрү кайсы окууну бүтүп, кандай кесипке ээ? Тизме - Sputnik Кыргызстан
Руслан Казакбаев, тышкы иштер министри

Нуржигит Кадырбеков, маданият, маалымат жана туризм министри

АКШдагы Канзас университетинин журналистика жана массалык коммуникация факультетин аяктаган. Андан кийин Япониядан эл аралык байланыш жана мамлекеттик башкаруу боюнча магистратурадан окуган.

© Sputnik / Максат ЭлебесовНуржигит Кадырбеков, маданият, маалымат жана туризм министри
Жапаров баштаган өкмөт мүчөлөрү кайсы окууну бүтүп, кандай кесипке ээ? Тизме - Sputnik Кыргызстан
Нуржигит Кадырбеков, маданият, маалымат жана туризм министри

Кыялбек Мукашев, финансы министри

1994 — Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин "экономикалык жана социалдык пландаштыруу" адистиги боюнча аяктаган;

© Sputnik / Табылды КадырбековКыялбек Мукашев, финансы министри
Жапаров баштаган өкмөт мүчөлөрү кайсы окууну бүтүп, кандай кесипке ээ? Тизме - Sputnik Кыргызстан
Кыялбек Мукашев, финансы министри

Бакыт Бердалиев, транспорт жана жолдор министри

Ош технологиялык университетин жана президенттин алдындагы Башкаруу академиясын аяктаган. Адистиги "экономика жана менеджмент".

Жапаров менен өкмөттүн 19 мүчөсү бир мүнөттө ант берсе кандай болмок. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековБакыт Бердалиев, транспорт жана жолдор министри
Жапаров баштаган өкмөт мүчөлөрү кайсы окууну бүтүп, кандай кесипке ээ? Тизме - Sputnik Кыргызстан
Бакыт Бердалиев, транспорт жана жолдор министри

Камчыбек Ташиев, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы

Томск мамлекеттик университетинин "инженер, химик-технолог" адистигин аяктаган. Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин да бүтүргөн.

© Sputnik / Табылды КадырбековКамчыбек Ташиев, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы
Жапаров баштаган өкмөт мүчөлөрү кайсы окууну бүтүп, кандай кесипке ээ? Тизме - Sputnik Кыргызстан
Камчыбек Ташиев, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы

Жыргалбек Сагынбаев, Жер казынасын пайдалануу, энергетика жана өнөр жай мамлекеттик комитетинин төрагасы

КГУСТА окуу жайын аяктаган. Ошондой эле дипломатиялык жана юридикалык билими бар.

© Sputnik / Табылды КадырбековЖыргалбек Сагынбаев, Жер казынасын пайдалануу, энергетика жана өнөр жай мамлекеттик комитетинин төрагасы
Жапаров баштаган өкмөт мүчөлөрү кайсы окууну бүтүп, кандай кесипке ээ? Тизме - Sputnik Кыргызстан
Жыргалбек Сагынбаев, Жер казынасын пайдалануу, энергетика жана өнөр жай мамлекеттик комитетинин төрагасы

Алтынбек Исмаилов, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы

Борбор Азиядагы Америка университетинин банк иштери, Колумбия университетинде экономикалык өнүгүү адистигин аяктаган.

© Sputnik / Табылды КадырбековАлтынбек Исмаилов, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы
Жапаров баштаган өкмөт мүчөлөрү кайсы окууну бүтүп, кандай кесипке ээ? Тизме - Sputnik Кыргызстан
Алтынбек Исмаилов, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы

Эрлис Тердикбаев, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы

Алматыдагы жогорку аскер командалык училищесин жана Россиянын куралдуу күчтөрүнүн жалпы аскердик академиясын аяктаган.

2014 — Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын аскер академиясын бүтүргөн.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЭрлис Тердикбаев, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы
Жапаров баштаган өкмөт мүчөлөрү кайсы окууну бүтүп, кандай кесипке ээ? Тизме - Sputnik Кыргызстан
Эрлис Тердикбаев, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине азырынча жаңы жетекчи дайындала элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0