Жардам суралды. Руслан Казакбаев Казакстандын премьер-министри менен жолукту

© Фото / пресс-служба МИД КРКыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Нур-Султанга болгон иш сапарынын алкагында Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин менен жолугушуусу
Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Нур-Султанга болгон иш сапарынын алкагында Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин менен жолугушуусу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министр Казакбаев коңшу өлкөдөн Кыргызстандын социалдык-экономикалык абалын эске алып каржылык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну өтүнгөн.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Өлкөнүн тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Нур-Султанга болгон иш сапарынын алкагында Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин менен жолукту. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Коңшу өлкөнүн өкмөт башчысы Казакбаевди тышкы саясат мекемесинин жетекчиси болуп дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады.

Өз кезегинде КРдин ТИМ башчысы президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун атынан салам айтты.

"Ошондой эле ал Кыргызстандагы кырдаал турукташып баштаганын, саясий процесстердин укуктук талаага кайтып келе жатканын айткан. Кыргыз тарап өзүнүн бардык эл аралык милдеттенмелерин жана буга чейин кол коюлган бардык эки жана көп тараптуу эл аралык келишимдердин так аткарылышын камсыздай турганына ишендирди. Мындан тышкары, өкмөт өлкөнүн мыйзамдарына ылайык, казак инвестицияларынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрөрүн билдирди", — деп айтылат маалыматта.

ТИМ жетекчиси Казакбаев: өлкөдөгү башаламандыкка сырткы күчтөр да аралашты

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык, суу-энергетикалык, транспорт, логистика жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү кыргыз-казак кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашкан.

Тараптар өзгөчө көңүлдү COVID-19 пандемиясынын жайылышына каршы күрөшүү маселелерине бурушту.

"Министр Казакбаев казак тарапты өлкөнү дары-дармек жана жеке коргонуу каражаттары менен камсыздоо мүмкүнчүлүгүн сураган. Ошондой эле Кыргызстандын социалдык-экономикалык абалын эске алуу менен өлкөнүн бюджетин колдоо жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн каржылык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну өтүндү", — деп айтылат билдирмеде.

Жолугушуунун аягында жакынкы аралыкта эки тараптуу жолугушууларды жогорку деңгээлде өткөрүүнү макулдашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0