02:41 27 Жетинин айы 2020
Түз эфир
  • USD84.7990
  • EUR101.0465
  • RUB1.1239
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
53 0 0

Кечээ Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө-өлкөлөрдүн туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлдөрү чогулуп, бир катар маанилүү маселелерди талкуулашты. Жыйынга Өзбекстан төрагалык кылды.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Кечээ, 27-октябрь күнү, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө-өлкөлөрдүн Туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн кзектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу КМШнын аткаруучу комитетинин маалымат кызматы кабарлады.

Иш-чарага Өзбекстан төрагалык кылды.

Чогулгандар КМШ өлкөлөрүнүн гуманитардык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык фондунун ишмердүүлүгүн жана азыркы маанисин талкуулашты.

"Мындан тышкары, шериктештикке кирген мамлекеттердин өкмөт башчыларынын алдыдагы жыйынына даярдануу маселеси каралды. Ал 6-ноябрь күнү онлайн-форматта өтөт", — деп айтылат билдирүүдө.

Алыбаев: ЕАЭБ алкагында бирдиктүү электрондук эмгек биржасы ишке кирет

Ошондой эле туруктуу өкүлдөр КМШнын 30 жылдыгынын алкагында боло турган иш-чаралар боюнча пикир алмашты.

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө-өлкөлөрдүн Туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн кзектеги жыйыны 24-ноябрга белгиленди.

Тема боюнча

Кыргызстандыктар ЕАЭБ аймагынан ишти мобилдик тиркеме менен таба алат
Белгилер:
Өзбекстан, кызматташтык, жыйын, КМШ

ЭҢ МААНИЛҮҮ