Элвира Сурабалдиева депутаттык мандатын тапшырганы жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Эльвира Сурабалдиева
Депутат Эльвира Сурабалдиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлүнүн мандатын тапшыруу боюнча арызын БШК бүгүнкү жыйында карайт. Буга чейин парламенттик кайра шайлоо өткөнгө чейин VI чакырылыштын депутаттары иштеп турары маалым болгон.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Элвира Сурабалдиева депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырганы жатат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтына жарыяланды.

Маалыматка караганда, бул маселе бүгүн БШКнын жыйынында каралат.

Өмүрбек Текебаев кайрадан Жогорку Кеңештин депутаты болуп келди

Депутат өзү мандаты боюнча комментарий бере элек.

Эске салсак, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы элдин нааразычылыгынан улам жокко чыгарылган. Кайра шайлоо 2021-жылдын 1-июнуна чейин өтмөй болду. Ага чейин VI чакырылыштын депутаттары иштеп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0