Садыр Жапаров өзүнө эки кеңешчи дайындады. Алар кайсы тармактын адиси

© Sputnik / Табылды КадырбековПремьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров
Премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров эки буйрукка кол коюп, өзүнө коомдук башталыштагы кеңешчилерди дайындады.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров өзүнө эки кеңешчи дайындады.

Анын буйругуна ылайык, Талант Рыспаев менен Элнура Сулайманова президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси болду.

Мурдагы тышкы иштер министри Айдарбеков президенттин кеңешчиси болду

Ачык маалыматтарга караганда, Талант Рыспаев — Клаусталь университетинин приват-доценти (Төмөнкү Саксония) жана техника илимдеринин доктору (Кыргызстан). Ал 1990-жылдары "XXI кылымдын кадрлары" программасы менен Германияга барып келген. 2013-жылы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин кыргыз-герман факультетинин деканы болгону айтылат.

Элнура Сулайманова "Инспайер Централ Эйжа" коомдук фондун жетектейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0