549 млн. сом. БШК президенттик шайлоого кетчү чыгымдын сметасын бекитти

© Sputnik / Табылды КадырбековГолосование на выборах седьмого созыва ЖК в Бишкеке
Голосование на выборах седьмого созыва ЖК в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда президенттик шайлоону 10-январда өткөрүү белгиленген. Ага сарптала турган каражат эсептелип чыккан.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүгө кете турган чыгымдардын сметасын бекитти.

Ага ылайык, жаңы мамлекет башчыны шайлоого 549 миллион 161 миң 100 сом сарпталары белгилүү болду.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоо 10-январга дайындалган. 

Ал эми парламенттик шайлоого деп республикалык бюджеттен алгач 732 миллион сом каралган. Кийинчерээк БШК чыгымдарды оптималдаштырып 446,9 миллион сом менен өткөрсө болорун эсептеп чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0