Садыр Жапаров президенттик кызматын тапшырып, шайлоого катыша турганын айтты

Жазылуу
Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргызстанда президенттик шайлоону өткөрүү күнүн 2021-жылдын 10-январына белгилеген.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров декабрь айынын башында ыйгарым укуктарын тапшырып берип, президенттик шайлоого катышат. Бул тууралуу Жапаров Кочкор районунун Мантыш айылына барганда айткан.

Өлкө башчынын милдетин аткарып жаткан Жапаров мындай пикирин социалдык шаарчанын курулушуна капсула салгандан кийин эл менен жолугуп жатып билдирген.

"10-январда президенттик шайлоо болот. Декабрь айынын башында мен кызматымды тапшырып берип, катардагы адам катары шайлоого катышам. Өтсөм ажо болом, өтпөсөм сиздердин араңыздарда жөнөкөй жаран бойдон калам", — деген Жапаров.

Белгилей кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоону 2021-жылдын 10-январына белгиледи. Мыйзам боюнча президенттин милдетин аткарып жаткан адам шайлоого катыша албайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0