Чечилбеген көйгөй болбойт! Жапаров Чек ара кызматынын төрагасына жолукту

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПремьер-министр Садыр Жапаров принял председателя ГПС КР Уларбека Шаршеева
Премьер-министр Садыр Жапаров принял председателя ГПС КР Уларбека Шаршеева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Садыр Жапаров жакын арада чек ара көйгөйү менен жеринде таанышуу үчүн Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарына иш сапары менен барарын айтты.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров бүгүн, 26-октябрда, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеевди кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Анда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик бөлүгүндөгү кырдаалды турукташтыруу боюнча чаралар талкууланган.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезиденттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров бүгүн, 26-октябрда, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеевди кабыл алды.
Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров бүгүн, 26-октябрда, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеевди кабыл алды. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров бүгүн, 26-октябрда, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеевди кабыл алды.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАнда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик бөлүгүндөгү кырдаалды турукташтыруу боюнча чаралар талкууланган.
Анда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик бөлүгүндөгү кырдаалды турукташтыруу боюнча чаралар талкууланган. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Анда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик бөлүгүндөгү кырдаалды турукташтыруу боюнча чаралар талкууланган.
1/2
Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров бүгүн, 26-октябрда, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеевди кабыл алды.
2/2
Анда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик бөлүгүндөгү кырдаалды турукташтыруу боюнча чаралар талкууланган.

 

Уларбек Шаршеев Баткен районундагы Үч-Дөбө айылындагы 25-октябрда болгон окуя тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, тажик тарап менен сүйлөшүүлөр болуп, калк арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

Чыр чыккан Баткенге Чек ара кызматынын төрага орун басары Алимбаев барды

Садыр Жапаров чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча маселелерди бир гана тынч сүйлөшүүлөр аркылуу чечүү маанилүү экенин белгилеген.

"Чечилбеген көйгөй болбойт. Тигил же бул маселени тынч сүйлөшүп чечсе болот. Келечекте мындай окуялар болбошу үчүн маселени чечүүнү улам артка жылдыра бербеш керек. Чек арадагы райондордун тургундары тынчтык жана туруктуулукта жашашы зарыл", — деген Жапаров.

Президенттин милдетин аткаруучу жакын арада чек ара көйгөйү менен жеринде таанышуу үчүн Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарына иш сапары менен барарын айткан.

Жапаров Баткендеги азыркы чек ара окуясын жөнгө салуу жана Кыргызстандын бардык чек ара аймактарындагы туруктуулукту сактоо үчүн тиешелүү жактарга конкреттүү тапшырмаларды берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0