Президент болом дегендер документтерин БШКга качан тапшырары такталды

© Sputnik / Александр АстафьевДокумент окуп жаткан аткаминер. Архив
Документ окуп жаткан аткаминер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
БШК жыйында тиешелүү мыйзамдарга ылайык, шайлоо аракеттеринин өткөрүлө турган мөөнөтү чейрек убакытка кыскартыла турганы белгиленди.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоонун уюштурулуучу негизги иш-чараларынын календарлык планын бекитти.

Жыйында, тиешелүү мыйзамдарга ылайык, шайлоо аракеттеринин өткөрүлө турган мөөнөтү чейрек убакытка кыскартыла турганы белгиленди.

Президенттик шайлоонун мөөнөтү жылдыбы? Түшүндүрмө

Аталган өнөктүккө катышууну каалаган талапкерлер 7-декабрга чейин (эң акыркы мөөнөт 6-декабрь, саат 24:00) БШКга тиешелүү документтерин тапшырышы керек.

Буга чейин комиссия президентти шайлоо 2021-жылдын 10-январында болорун айткан эле. Кийинчерээк бул датаны президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров да тастыктаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0