Кыргызстан "Кант" авиабазасын кеңейтүү сунушу түшсө карап чыгууга даяр

Жазылуу
ТИМ башчысы өлкө бийлиги ЖККУнун "Кант" авиабазасын сактап калуу ниети күч экенин айтты. Казакбаев Россияда иш сапары менен болду.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Кыргызстан ЖККУнун "Кант" авиабазасын кеңейтүү боюнча сунуш түшсө карап чыгууга даяр. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине маек курган тышкы иштер министри Руслан Казакбаев билдирди.

"Кант" базасы сакталып калышы керек. Бул биздин туруктуу позициябыз. Кол коюлган келишимдерди кайрадан карап чыгуу деген болбойт. Эгер Россия же ЖККУ мамлекеттери базаны кеңейтүү маселесин көтөрсө, биз сунушту карап чыгууга даярбыз. Албетте, талкуу жүрөт. Баары сунуш түшкөндөн кийин белгилүү болот", — деди Казакбаев.

Казакбаев бюджетти колдоо боюнча РФ президентинин өкүлү Козак менен сүйлөштү

"Кант" авиабазасы ыкчам аракетке келчү Жамааттык күчтүн бир бөлүгү болуп саналып, ЖККУ мамлекеттеринин аба коопсуздугун камсыздайт.

Руслан Казакбаевдин маеги менен толук расмий тилде таанышууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0