Сергей Лавров Кыргызстандагы кырдаалга баасын берди

© Фото / МИД РФ / Медиабанкка өтүүРоссиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан менен Россиянын тышкы иштер министрлери Москвада сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Лавров жолугушуу пайдалуу болгонун айтты.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстандагы азыркы абалга баасын берди.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен болгон жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча өткөн маалымат жыйында Лавров эки өлкөнүн мамилеси мындан ары дагы ишеним, сый-урмат жана тараптардын кызыкчылыктарын эске алуу менен уланарын белгиледи.

Анын айтымында, Кыргызстандагы парламенттик шайлоодон кийинки кырдаалга Россия дыкат көз салып турган.

"Биздин берген баа боюнча ички саясий абал укуктук талаага кайта баштады. Биз бүгүн парламенттик жана президенттик шайлоо, конституциялык реформа кандай график менен макулдашылып жатканы боюнча маалымат алдык", — деди ал.

Лавров өлкөнүн өнүгүү векторун аныктоо үчүн бардык процесстер ички улуттук макулдашуу менен ишке ашырыла турганына ишенерин айтты.

"Россия биздин кыргыз досторубузга колдоо көрсөтүп турат", — деди ал.

Ошондой эле Лавров эки өлкөнүн кызматташуусу адатта эң жогорку деңгээлде экенин белгилеп, пандемияга байланыштуу Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылына арналган иш-чаралардын бир бөлүгүн 2021-жылга которуу пландалып жатканын кошумчалады.

Кыргызстан менен Россиянын ТИМ башчыларынын маалымат жыйынын видеодон көрүңүздөр.

Жаңылыктар түрмөгү
0