Казакбаев: Россия Кыргызстандын союздашы болуп келген жана боло берет

© Фото / Пресс-служба МИД РФ / Медиабанкка өтүүВстреча главы МИД России и Киргизии С. Лаврова и Р. Казакбаева
Встреча главы МИД России и Киргизии С. Лаврова и Р. Казакбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ТИМ башчысы кыргыз элинин атынан Россияга оор мезгилде эбегейсиз колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Россия Кыргызстандын негизги стратегиялык өнөктөшү жана союздашы болуп келген жана болот берет. Бул тууралуу тышкы иштер министри Руслан Казакбаев эки өлкөнүн ТИМ башчыларынын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча өткөрүлгөн маалымат жыйында билдирди.

"Биз ушул багытта алдыны көздөй жылып, байланыштарды жогорку деңгээлде колдоого жана эки тарапка пайдалуу саясий диалогдорду бекемдөөгө далалат кылабыз. Экономикалык өз ара аракеттешүү жана интеграциялык процесстерди евразиялык алкакта жүргүзөбүз. Ошондой эле региондор аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түзөбүз", — деди Казакбаев.

Ошондой эле ал кыргыз тараптын атынан Россияга өлкө кыйын абалга кептелгенде, тагыраагы, саясий кризис, шайлоодон кийинки учурда жана коронавирус пандемиясында көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0