Тилек Токтогазиев жыйын өткөрүп, министрликтеги ишин эмнеден баштаарын айтты

© Фото / пресс-служба минсельхоза КРАйыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев жыйын өткөрдү
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев жыйын өткөрдү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы министр айыл чарба тармагын санариптештирүүнү жана тамак-ашты кайра иштетүүнү колго ала турганын жарыялады.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев бүгүн министрликтин кызматкерлери менен таанышып, жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат алды. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Жыйында жаңы министр айыл чарба тармагын санариптештирүүнү жана тамак-ашты кайра иштетүүнү колго ала турганын айткан.

Ошондой эле айыл чарба тармагындагы ассоциациялар менен тыгыз кызматташып, дыйкан-фермерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл буруларын белгилеген.

Кадр кызматынын башчылыгына мурдагы вице-премьер барды

Мындан сырткары, Токтогазиев кесиптештерин айыл чарба тармагын алдыга жылдырууга жана өнүктүрүүгө чакырганы айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0