Министр Казакбаев Россияга барып, реформа жүргүзүүгө каражат сурады

© Фото / пресс-служба МИД КРТышкы иштер министри Руслан Казакбаев Россияга болгон иш сапары учурунда
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Россияга болгон иш сапары учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ТИМ башчысы Кыргызстан мындан ары да Россия менен стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого өзгөчө маани бере турганын билдирген.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Россияга болгон иш сапарында реформа жүргүзүү үчүн экономикалык жактан жардам берүү маселесин көтөрдү. Бул туурасында министрликтин маалымат кызматы билдирди.

22-октябрда Казакбаев менен РФ Федералдык жыйынынын Федералдык кеңешинин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Константин Косачев менен жолуккан.

ТИМ башчысы өлкөдөгү окуялар тууралуу маалымат берип, учурда кырдаал турукташканын, саясий процесстер конституциялык талаага кайтканын белгилеген.

Кыргызстан Европа биримдигинен каржылык жардам сурады

Аны менен катар Кыргызстан мындан ары да Россия менен стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаш мамилени чыңдоого өзгөчө маани бере турганын билдирген.

"Министр реформа жүргүзүү максатында экономикалык жардам көрсөтүү маселесин көтөрдү. Ошондой эле коронавируска каршы биргиликте күрөшүү, авиакаттамдарды толугу менен жандантуу, кызмат көрсөтүүлөрдү, капиталды, товарларды жана эмгек ресурсун эркин жүргүзүү маселесин ортого салды", — деп айтылат маалыматта.

Өз кезегинде Россия тарап жогорудагы маселелерди стратегиялык өнөктөштүк жана союздаш мамилелердин алкагында чечүүгө көмөк көрсөтүү маанилүү экенин белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0