Садыр Жапаров эки шайлоо тең март айына чейин бүтүп каларын айтты

Жазылуу
22-октябрда Жогорку Кеңеш шайлоолордун мөөнөтүн жылдыруу боюнча конституциялык мыйзамды колдогон. Андан соң документке президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Кыргызстанда президенттик жана парламенттик шайлоолор 2021-жылдын март айына чейин өткөрүлөт. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров өзүнүн Telegram каналына жазды.

"Бут тосуулар болбосо, Баш мыйзам эл каалагандай кабыл алынат. Шайлоолор мартка чейин бүтөт. Парламент июнга чейин отурбайт. Кечээги мыйзамга кошумча убакыт алалы деп, реформалар июнга чейин бүтүш керек экендигин белгилеп коюшуптур. Кыскасы, парламент июнга чейин отурат экен деп паника болбогула", — деп жазды Жапаров.

Депутаттар кийинки парламенттик шайлоого чейин маяна албай иштей турган болушту

Эске салсак, кечээ, 22-октябрда, Жогорку Кеңеш шайлоолордун мөөнөтүн жылдыруу боюнча конституциялык мыйзамды колдогон. Андан соң документке президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон.

Өзгөртүүлөргө ылайык, "Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамдын 38 жана 63-беренелеринин колдонулушун токтото туруу каралган. Тагыраагы, конституциялык реформаны өткөрүү аяктаганга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону өткөрүүнү токтото туруу тартиби каралган. Бирок шайлоо 2021-жылдын 1-июнунан кеч эмес дайындалат деп айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0