Кримтөбөл Камчы Көлбаев УКМКнын тергөө абагына киргизилди

Жазылуу
Бүгүн Камчы Асанбектин (Камчы Көлбаев) кайда экени маалым болуп, тергөө иштерин жүргүзүү үчүн УКМКга алып келинген.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кримтөбөл Камчы Көлбаев УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоо жайына 48 саатка киргизилди. Бул тууралуу комитеттин маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, бүгүн, 22-октябрда, Бишкектеги спорт клубдардын биринен Камчы Көлбаев кармалып, УКМКга алып келинген.

Ага карата Жазык кодексинин 249-беренеси ("Кылмыштуу уюмду түзүү же ага катышуу") боюнча кылмыш иши козголуп, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0