Депутаттар кийинки парламенттик шайлоого чейин маяна албай иштей турган болушту

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаттары. Архив
Жогорку Кеңештин депутаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Парламентарийдин айтымында, көпчүлүк депутаттардын сунушу менен октябрь айынан тарта айлык албай иштөө макулдашылды.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары кийинки шайлоо өткөнгө чейин маяна албай иштемей болушту. Бул тууралуу парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу боюнча мыйзам долбоорун демилгелеген депутат Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, көпчүлүк депутаттардын сунушу менен октябрь айынан тарта айлык албай иштөө макулдашылды.

"Бул боюнча чечим кабыл алынды, азыр юридикалык жактарын иретке келтирип жатабыз. Мен маянага бериле турган каражатты COVID-19 менен күрөшүүгө жумшоону сунуштап жатам. Бирок ЖКнын аппарат кызматкерлерине маяна берилет", — деди Жапаров.

Деген менен жыйын учурунда депутат Евгения Строкова сөз сүйлөп, жеке өзү жана кесиптештери Аида Касымалиева, Айнура Осмонова айлык менен гана жашай турганын айтып, бул чечимге нааразы болду.

Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеште парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу мыйзамы кабыл алынды. Ага ылайык, кийинки шайлоо 2021-жылдын 1-июнуна чейин уюштурулушу керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0